Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2026-жылдын 26-октябрында «Кыргыз Республикасында социалдык коргоо системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» № 362 Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарынын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын ыйгарым укуктарын миграциялык контролдоо функцияларын өткөрүп берүү жолу менен кеңейтүү каралган. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте тиешелүү ыйгарым укуктарды так ажыратуу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды. Ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ыйгарым укуктарынын чегинде Жарлыктын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүү милдети жүктөлдү.