19-октябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарынын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы менен Кыргызстандын кесиптик бирликтер Федерациясынын (ККБФ) ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Макулдашууга Кызматтын директору Азирет Жоробеков жана ККБФнын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу кол коюшту. Документ эмгек мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу, кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо, маалымат алмашуу жана эмгек чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулардын алдын алуу багытында тараптардын өз ара кызматташуусун чыңдоого багытталган. Макулдашууга кол коюу социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана жарандардын эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча биргелешкен иштин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.