2026-жылдын 24-октябрында Бишкек шаарындагы «Кара жыгач токою» сейил багында «Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY» жалпы улуттук экологиялык фестивалынын алкагында бак-дарак отургузуу акциясы өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А. Алиясов, Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын директору А. Жоробеков жана министрликтин кызматкерлери катышты. Акциянын жүрүшүндө карагай көчөтөрү отургузулду. Иш-чаранын максаты — жашыл аймактарды көбөйтүү, экологиялык маданиятты өнүктүрүү жана борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу.