Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы эмгек ардагерлери менен жылуу жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон баалуу салымы үчүн ардагерлерге терең ыраазычылык билдирилди. Эмгек жамааты улуу муундун акыл-насааттарын угуп, ак баталарын алышты. «Карысы бардын — ырысы бар» демекчи, улуу муунду урматтоо жана аларга камкордук көрүү — ар бирибиздин милдетибиз. Кызматтын жамааты ардактуу ардагерлерибизге бекем ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.