Кызматтын Түндүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору У. Мамыров Кочкор районундагы Ишкерлер ассоциациясы менен биргеликте жеке ишкерлер үчүн семинар өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү, эмгек мыйзамдарынын талаптарын сактоо, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелерин аткаруу боюнча түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Семинардын алкагында катышуучуларга тиешелүү маселелер боюнча маалыматтар берилип, суроолоруна жооптор берилди. Иш-чарага жалпы 36 жеке ишкер катышты.