КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Сүлүктү шаарында эмгек мыйзамдарынын сакталышы боюнча рейд өткөрүлдү

026-жылдын 13-октябрында Кызматтын Түштүк региону боюнча инспектору С.М. Саматов директордун 2026-жылдын 12-январындагы № 2-од буйругунун негизинде Сүлүктү шаарында рейддик иш-чара өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты — ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгек укуктарын коргоо, алар үчүн коопсуз жана жеткиликтүү шарттарды камсыз кылуу, ошондой эле жашы жете элек балдардын эмгегин мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө. Рейддин жүрүшүндө иш берүүчүлөргө, мекеме жетекчилерине, дүкөндөрдүн жана базарлардын ээлерине, ошондой эле ата-энелерге аялдардын жана балдардын эмгегине байланыштуу мыйзамдык талаптар, балдарды оор жана зыяндуу жумуштарга тартууга тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, эмгек мыйзамдарынын сакталышы жана кызматкерлердин укуктарын коргоо боюнча тиешелүү эскертүү каттары тапшырылды. Мындай иш-чаралар эмгек мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга жана калктын социалдык жактан аярлуу катмарларынын укуктарын коргоого багытталган.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Ekozomol.gov.kg