Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы (мындан ары – Кызмат) тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана Өкмөттүн 2001-жылдын 27-февралындагы №64 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, ААК «Таш-Темир» тарабынан мекемелер аралык комиссия түзүлүп, өндүрүштөгү бөөдө кырсык териштирилип, Н-1 формасындагы акт бекитилип, жабырлануучу тарапка берилди. Мындан кийин бөөдө кырсыкты болтурбоо боюнча алдын ала иш-чараларды көрүү тапшырмасы берилди. Иш берүүчүнүн жоопкерчилиги далилденип, кетирилген катачылыктар боюнча КР УБжК талаптарына ылайык айып пул салынды.