КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Каракол шаарында жашы жете элек балдардын эмгекке тартылышын алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү

2026-жылдын 13–14-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы соода базарында жашы жете элек балдардын эрте жана оор эмгекке тартылышын алдын алуу максатында биргелешкен рейд өткөрүлдү. Рейдге Каракол шаарынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн адиси, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкери, Каракол шаарынын мэриясынын кызматкери, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын Түндүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспектору А.Т. Темиров жана Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспектору катышты. Рейддин жүрүшүндө соода-сатык жана башка эмгек ишмердигине тартылган 25 жашы жете элек бала аныкталды. Аныкталган балдардын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашы жете элек балдарды эрте эмгекке тартууга жол бербөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча тиешелүү маалыматтар берилди. Мындан тышкары, ата-энелерге оозеки эскертүүлөр берилип, жеке ишкерлерге жашы жете элек балдарды мыйзамсыз эмгекке тартууга жол бербөө боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Рейддин негизги максаты — жашы жете элек балдардын эмгек укуктарын коргоо, алардын эрте жана оор эмгекке тартылышынын алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу. сделай загаловок для сайта

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Ekozomol.gov.kg