КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча коллегиясынын жыйыны болуп өттү

2026-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча коллегиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары У.Э. Маматканов, министрликтин жетекчилиги жана эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын директору катышты. Жыйында жарандардын эмгек укуктарын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Министр К.Л. Сагынбаев кызматкерлердин укуктарын коргоо боюнча иштерди күчөтүү, коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу жана эмгек мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарылдыгын белгиледи.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Ekozomol.gov.kg