КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ

Image

Айдаркен шаардык мэриясында пландуу текшерүү жүргүзүлдү

2026-жылга карата бекитилген текшерүү планынын алкагында Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын жана эмгек мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында Кызматтын Түштүк региону боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын август айында Баткен облусунун Айдаркен шаардык мэриясында пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө мекемеде эмгек мыйзамдарынын, эмгекти коргоо жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу боюнча талаптардын сакталышы текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында эмгек мыйзамдарынын жана эмгекти коргоо талаптарынын сакталышына байланыштуу бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу, ошондой эле келечекте мындай учурларга жол бербөө максатында мекемеге тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертмелер берилди. Анда аныкталган кемчиликтерди мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө жоюу боюнча талаптар коюлду. Мындан тышкары, эмгекти коргоо талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык Айдаркен шаардык мэриясына карата тиешелүү протокол түзүлүп, административдик жоопкерчилик чарасы көрүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында мекемеге жалпы 46 000 (кырк алты миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды. Кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан мындай текшерүүлөрдүн негизги максаты – эмгек мыйзамдарынын талаптарынын так жана өз убагында аткарылышын камсыз кылуу, кызматкерлер үчүн коопсуз жана талапка жооп берген эмгек шарттарын түзүү, ошондой эле өндүрүштүк жаракаттарды жана эмгек чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды алдын алуу болуп саналат.

Сайт Тилектештик борборунун колдоосу менен иштелип чыккан

Copyright @2022 Ekozomol.gov.kg